Акыркы 3-4 жылдан бери айрыкча пандемия учурунда өлкөдө дары чөптөрдү жергиликтүүлөрдөн чогултуп же же атайын чогулттуруп, чет өлкөгө сатуу кадыресе бизнеске айланган. Тоолордо, жайлоолордо өсүүчү дары чөптөрдү тамыры менен казып сатуу күчөдү.
Эндик гүлү деген эмне?
Эндик (Macrotomia) — өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу.
Тоолордо өсүүчү, көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Кыргыздар эзелтеден эле эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан. Мындан сырткары, өпкө оорусуна дары жана боек катары (көбүнчө кийиз боегон) пайдаланып келишкен.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жумадилла Жапаровдун айтканына караганда укук коргоо органдары эндик казып кармалган жарандарга айып салганга укугу жок.
“Укук коргоо органдары менен токтотуу, эндик казгандарды кармоо боюнча иштер жүргөнү менен тийиштүү чаралар көрлбөй калган. Жакынкы аралыктарга экотех инспекциянын, жайыт депатраментинин жана жалпы эле ушул тармакты тейлеген министрликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, бир чечим кабыл алабыз деген ойдобуз. Жайыттарды жеринде көрдүк, чындыгында оор абалга келген”,- дейт.
Мындан сырткары, райондо бул маселеге байланыштуу тиешелүү кызматтар менен бирге атайын комиссия түзүлөрүн жана эндик казгандарга чара көрүлөрү тууралуу кошумчалады.
Эндик менен кошо өскөн өсүмдүктөр дагы жок болуу коркунучуна кептелет дейт Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин биология мугалими Мунара Жумабаева:
“Учурда малдын туягы көбөйүп, жайыттар деградация болуп жатканы аз келгенсип, эми эндикти тамырынан бери казып, жер кыртышына зыян келтирип жатат. Мурда эндикти картошкадай казып, топурагын додо кылып үйүп жатса, азыр эми атайын чукугуч жасап алып казып жатышат. Эндик менен бирге өскөн башка өсүмдүктөр дагы жок болот. Экологияга терс таасирин тийгизет”.
Ал эми КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Аскат Жакшылыков эндикти казууга тыюу салуу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги токтом же ченемдик укуктук акт жок экендигин айтты:
“Эндик Кызыл китепке кирбеген, техникалык өсүмдүктүн бири. Муну мыйзам чегинде атайын уруксат менен казып, иштетүүгө, пайдаланууга болот. Бирок акыркы жылдары Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз казып алуулар болуп жатат. Муну токтотууга болгон күч аракеттерди жумшап жатабыз. Мыйзамсыз казып жаткандар кармалганда акт, протокол түзүлүп жатат. Былтыр 5 факт катталган. Быйылкы жылдан баштап эндикти мыйзамсыз казуунун айзайтуу же бөгөт коюу максатында атайын 2 топ түзүлүп жатат. Бул топ күз айларына чейин Ак-Талаа районундагы эндик казылып жаткан аймактарда рейд жүргүзөт”,- деди.
Барчын Мамытбекова