Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде “Ийгилик бизден башталат”деген ураан менен “Ачык эшиктер ” күнү белгиленди. Окуу жайга Кочкор районунун бардык мектептеринен келген 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү конок болушту.
Айзат Жумалиева :
“№15 кесиптик лицейинде жыл сайын «Ачык эшиктер» күнү өткөрүлөт. Мектеп окуучуларынын тандоосу келечегинин ачкычы. Заман талабындагы кесиптин ээси болом десең, анда № 15 кесиптик лицей сен үчүн эшигин кенен ачат! Деген ураандын астында «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Дайындалуучу кесиптер азыркы базар экономикасына, жашоо турмуштун шартына ылайык айыл чарбасына керектүү кесиптерди окутуп, жумушчу кадрларды даярдап келебиз.
Кесиптик лицейдин кеңири тарыхы, салттары жана жакшы материалдык базасы бар. Бул жерде заманбап стандарттарга жооп берген жаңы технологиялар боюнча кесиптик билим ала алышат. Материалдык база лицензиялык талаптарга жооп берет. Лицейде 4 өндүрүш лабораториясы, китепкана, спортзал, компьютердик класс, кичи-футбол аянты, адистештирилген окуу класстары бар. Бизде окутулган кесиптерге токтолсом:
3 жылдык мөөнөт менен 9-класстын базасында (күбөлүк менен):
Электромонтер, электр газ менен ширетүүчү
Автослесарь, автоэлектрик
Ашпозчу, кондитер
Тикмечи
10 айлык мөөнөт менен 11-класстын базасында (аттестат менен)
Тикмечи, бычмачы
Туризм (саякат уютуруучу)
Ашпозчу, кондитер
Өсүмдүк өстүруучу (фермер)
Ветеринардык оператор
14-18 жашка чейинки ден -соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кесипке окутуу.
Мындан сырткары жумушсуз жарандарды төмөндөгү адистиктер боюнча кыска мөөнөттөгү курстар контрактык негизде окутулат.
Ашпозчу, кондитер
Электромонтер
Электргаз менен ширетүүчү
Ветеринардык оператор
Өсүмдүк өстүрүүчү, фермер
Тикмечи
«В» , «ВС», «СЕ» категориясындагы айдоочулукка окутабыз.
“Ачык эшиктер” күнүнө Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясы, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектеби, Ү. Исмайлов атындагы орто мектеби, К.Мырзабеков атындагы орто мектеби, И.Арабаев атындагы орто жана башка мектептерден окуучулар агай-эжейлеринин коштоосунда келишти.”
Окуу жайга келген окуучуларга, мугалимдерге лицейдин эмгек жамааты окуу жайдын базасы менен тааныштырып устаттар жана окуучулар өз кесиптерин даңазалап көрсөтүп беришти.
№15 кесиптик лицейде окуган окуучулар тарабынан даярдалган чакан концертик программага күбө болушту.
Жетектеп келген агай-эжейлерге “Кесипти туура таңдоо келечекке жол ачат” деген темада тегерек стол менен жыйынтыкталды.
Төлөн Токтосунова, Медина Турдубекова