Кочкор жергесинде Төрөгелди баатырдын жаркын элесине арналган окуучулар арасында эркин күрөш боюнча турнир алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Турнир Кочкор балдар спорт мектебинин эркин күрөш боюнча бүтүрүүчүлөрү жана спорт мектептин демилгеси менен уюштурулду.
Жалпы 270 спортчу катышып, байге фонду 150 миң сомду түздү. Турнирге сыйлуу конок катары Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова келип, мелдешти кийинки сөз менен ачып берди:
«Саламатсыздарбы урматтуу менин кесиптештерим жана спортчулар! Мен катышуучулардын көп экендигин көрүп, абдан сыймыктанып жатам. Мен ойлойм, келечекте буюрса Кыргызстандын желегин желбирете турган мыкты спортчулардын баардыгы ушул жакта, бүгүнкү мелдеште баардынарга ийгилик каалайм. Ушуну менен күрөштү таштабагыла, күнүгө талыкпай эмгек кылып, дүйнөлүк ареналарда көптөгөн ийгиликтерди жараткыла!».
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Курбанбек Камчиев турнирдин катышуучуларына ийгилик каалоо менен тартипти биринчи орунга койгонго үндөдү.
Эркин күрөш боюнча турнирдин уюштуруучусу Турдаалы Атигиров өзүнүн ой пикири менен бөлүштү «Бүгүнкү мелдештин максаты Кочкор районунун күрөштүн деңгээлин көтөрүү. 2010-жылдан бери жылда райондук турнир өткөрөбүз, 4-жылы областтык деңгээлде өткөрүп жүрөбүз. Турнир бул жылы дагы жогорку деңгээлде өтүп жатат.»
Кочкор районунун балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин агай машыктыруучусу Канат Мыканов мелдеш боюнча маалымат берип кетти.
«Бүгүнкү иш чарага Нарын обласынын баардык аймактарынан 270 спортчу, 30-35 агай машыктыруучулар турнирге катышууга келишти. Мелдешке 21-65 килограммга чейин 15 категория койгонбуз. Мелдеш ойдогудай болду десем болот.»
Ошондой эле, эң жаш жеңүүчү спортчунун оюн уктук «Менин атым Бакдөөлөт Жолчубеков Нарын обласынын Байзак айылынан келдим, эркин күрөшкө 5 жашымда келгем, бугунку турнирге 3 жыл даярдандым, келечекте дүйнөлүк чемпион болгум келет».
Жыйынтыгыда алдынкы орундарды Кочкор, Нарын, Жумгал, Тоголок Молдо, Баетов, Ат-Башы,Тайлак жана Байзак аймактарынын спортчулары жеңип алышты.
Максатбек кызы Азиза, Жокенова Мадина, Молдошева Асема