Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүүчү орто мектептердин арасында аскерге чейинки даярдык боюнча 7-республикалык спартакиадасынын райондук туру өткөрүлдү.
Аталган спартакиадага райондун аймагындагы 18 орто мектептин командалар катышып, курамы 8 окуучудан турду.
Алар 4 тайпага бөлүнүп, аскердик саптык даярдык, күч көрсөтүүчү көнүгүү, 100 метр аралыкка чуркоо, автомат чачуу жана куроо, команда менен 1 километр аралыкка чуркоо, алыска граната ыргытуу тапшырмаларын аткарышты.
Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабековдун маалыматына караганда бул спартакиадага алгачкы аскердик каттоодо турбаган, каттоонун негизинде аскерге жраксыз деп табылган окуучулар катыша албайт.
«Бул республикалык спартакиада жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатын көздөйт жана дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга кызыктыруу, массалык спортко машыгууга көнүктүрүү өңдүү бир катар милдеттери бар»,- деди.
Жыйынтыгында 1-орунду Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев астындагы инновациялык орто мектеби, 2-орунду Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектеби, 3-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектеби камсыздады. Окуучуларга дипломдор тапшырылды.
1-орунду ээлеген Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин командасы облустук турга жолдомо алды.
Барчын Мамытбекова