«Соң-Көл» орто мектебинин окуучусу STEAM олимпиадасынан чет мамлекетте өтүүчү Эл аралык олимпиадага жолдомо алды. Олимпиада төрт баскычта өткөн. Жалпысынан республика боюнча 2000ге жакын окуучу өз күчтөрүн сынашкан. Ал эми аталган мектептен 8 окуучу катышышкан.
STEAM олимпиадасы өлкөдөгү «BILIMTECH» окуу борбору тарабынан уюштурулган. Олимпиаданын максаты дүйнөлүк глобалдуу деген маселе экологияга арналган. Окуучулар 2021-жылдын күз айларында катталышып, 7 айдын тегерегинде берилген тапшырмаларды аткаруу менен 3 баскычты басып өтүшкөн. Олимпиадага катышкан «Соң-Көл» орто мектебинин окуучуларына мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бурул Майрамбек кызы жетекчилик кылган.
«Олимпиада 4 багытта өткөрүлгөн, биздин окуучулар арт, эссе, математика багыттарын тандап алышкан. Тапшырмалар улам оорлоп, бири-бирине окшобогон материал даярдоолор келип турду. Республика боюнча мыктылар катышкандыктан жыйынтыгын ар бир этап сайын чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Окуучуларга бир аз маалымат берип, алардын идеяларын угуп, кошумчалап, 3-баскычка чейин жетүүгө аракет кылып жаттык. 3-тур офлайн болмок, бирок кырдаалга жараша зуум аркылуу онлайн өттү. Эмгегибиздин акыбети кайтып эссе категориясы боюнча катышкан 9-класстын окуучусу Айпери Марлес кызы 16 алтын медаль номинациясына ээ болгон окуучулардан суурулуп чыгып күз айларында чет мамлекетте өтүүчү эл аралык олимпиадага жолдомо алды жана алтын медалга татып, I даражадагы сертификат менен сыйланды. Негизи эле жалпы эл аралык олимпиадага 4 багыт боюнча 7 окуучу мекендин намысын коргоп барышат. Бул жети окуучу 7 облустун мыктылары. Андан сырткары эссе категориясы боюнча катышкан 10-класстын окуучусу Мадина Чынгызбек кызы 3-орунга ээ болуп, коло медаль жана сертификат менен сыйланды. 9-класстын окуучусу Айзуура Айдархан кызы математика багыты боюнча катышып 3-орунга ээ болуп, коло медаль жана сертификат менен сыйланды», -дейт мугалими Бурул Майрамбек кызы.
Олимпиаданын мыктылары
«Мен бул олимпиаданы укканда эле кыялданып жүргөн экологиялык проблеманы чечүүчү мини проектимди алып чыгайын деп чечтим. Ал проектимди эссеге айландырып, аны фактылар менен далилдеп, көркөм сөз каражаттары менен кооздоп, натыйжалуу болуусуна аракет кылдым. Атаандаштар да аябай күчтүү экен, алардан өзгөчөлөнгөн эссе болгондуктан озуп чыктым го деп ойлойм.
Эссенин эң негизги талабы эле креативдүүлүк болчу, мен ошонун үстүндө иштедим. Акыркы этап бүтүп, 16 алтын медаль номинациясына ээ болгон окуучулар менен онлайн жолугушуу болуп эсселерибизди жактадык. Ошондо калыстар тобу менин эссемди башкалардан өзгөчө экен деп баалашканда, жеңериме бир аз үмүт арткам. Жыйынтыгында 16 алтын медалга ээ болгон окуучулардын ичинен 2 окуучу жеңишке жеттик.
Буюрса бул эл аралык олимпиада бүтсө бул идеамды кичи проекти кылып, айылыма салым кошом»,- дейт алтын медалдын ээси, эл аралык олимпиадага жолдомо алган Айпери Марлес кызы.
Айперинин кубанычында чек жок
«Ийгилик үстүнө ийгилик келет деп ишенет» активдүү окуучу Айпери
Эссе категориясы боюнча финалистердин тизмеси
«Айпери Марлес кызы менен мектеп, район бүт сыймыктанып турабыз. Республиканын атын чыгарып чет мамлекетке да ийгилик менен барат деп ишеним артуудабыз. Ал эми бронзо медаль алган окуучуларды да куттуктап кетем, алар да мектептин сыймыгы жана алдыңкы окуучулар. Негизи эле Айпери Марлес кызы мектептин эң активдүү окуучусу, олимпиададан сырткары «Манас таануу» сынагынан мектеп үчүн көп ийгилик алып келип жүрөт. Аны менен катар медиа борбордо да активдүү иштейт. Эл аралык олимпиадасына да ийгилик каалайм», -дейт мектеп директору Адылбек Назаров.
Мектеп директору: Адылбек Назаров
Мындан сырткары 2 коло медалга ээ болгон окуучуларыбыз да, сүйүнүп турушканын, эмки жылы кайрадан бул олимпиадага катышарын айтып:
«Мен математика категориясын тандап, 1-2-турларын жакшы тапшыргам, 3-турда бир аз катачылыктар кетип калып 3-орунга ээ болдум, бирок буга өкүнбөйм, кийинки сынактарда ийгилик жаратам деп ишенем», -дейт Айзуура Айдархан кызы.
Айзуура Айдархан кызы 9-класстын окуучусу
«1-турду жакшы тапшырып, 2-турга өткөндө аябай сүйүнгөм, бирок бир аз ишенбөөчүлүк жаралып, кийинки турларга катышпай эле койсомбу деп чечкем, бирок катышууну эжейим талап кылгандыктан, катышууну уланткам. Жаман эмес, республика боюнча 3-орун алып биринчи жолу медаль тагынып отурам. Буга үйдөгүлөр, мектептегилер сүйүнүшүп, сыймыктанып жатышат», -дейт эссе категориясы боюнча 3-орундун ээси Мадина Чынгызбек кызы.
Мадина эмки жылы да катышып, ийгилик жаратам деп турган чагы
Медалдарды мектеп директору чакан линейкада тапшырып, окуучуларга ийгилик каалады
Андан сырткары, окуучуларды мыкты даярдап ийгиликке жеткиргендиги үчүн мугалими Бурул Майрамбек кызына олимпиаданын уюштуруучулары ыраазылык иретинде 7 күндүк Ысык-Көл эс алууга жолдомо беришкен.
Сыйлоо аземинен
Айбийке Касымбекова, Наима Абдиева