Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын балдар бөлүмүндө жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү, китепке кызыктыруу максатында жайкы лагерь уюштурулду.
Китепканалар тармагынын директор Гулжаз Сулайманованын айтканына караганда лагерь үчүн атайын бюджеттен акча каралбаганыктан үч күндө үч сааттан өткөрүлдү.
“Балдар жайкы лагерден кызыктуу китептерди окуп гана тим болбостон окуган чыгармалары боюнча ачык асман алдында сүрөт тартышты. Түстүү кагаздардан ар кандай гүлдөрдү жасашты. Кенже курактагы балдар болгондуктан ар кандай оюндарды ойношту. Балдардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, китеп окууга кызыктыруу үчүн мындай лагерлер бир аз кеңири масштабда өткөрүлсө андан жакшы болот эле. Китепти канчалык көп окуса, ой жүгүртүүсү өсөт. Көркөмдөп сүйлөгөнгө, оюн так айтканга үйрөнөт”,- дейт.
Диана Нурланова