Тишке туура кам көрүү, ооз көңдөйүндөү оорулар туурасында №6 Стоматологиялык клиниканын ортопедия бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Заирбек уулу айтып берет. Тишти туура тазалоону балага жаш кезинен үйрөтүп ал тургай ага кам көрүүнү курсактагы кезден баштоо маанилүү.
Бала болочоктогу эненин курсагында жатканда эле кам көрүү зарылдыгын айткан дарыгер эненин талгак болгону курсагындагы түйүлдүккө ооз көңдөйүнөн башка деле органдар талап кылып жаткан нерсе болгондон улам пайда болот:
«Кош бойлууларды гнеколог тиш доктурдун көзөмөлүнөн өтүүгө жибергенде жөн гана кол коюп берүүнү суранышат. Антпестен оозунда кандай көзгөйлөр болсо аларды чечип берүүнү суранса».
Эч качан балага тамакты чайнап бербөө керек
— Биринчиден чайнап берип жаткан эне же атанын оозундагы болгон инфекция балага өтөт. Бала өзү чайнаганда жаактары иштеп, өсүп, тиштердин кыйшайуусун алдын алат. Балага сөөк берип, сабиз, алма сыяктуу азыктарды өзү чайнап жегенге көндүргөн эң жакшы. Бул тишке аны кармаган сөөктөргө абдан жардам берет.
Тиш жууган паста, щетканы туура тандоо зарыл
— Бул каражаттарды туш келди жерден эле сатып ала берген туура эмес. Тиш жууган щетка менен тишти өтө катуу жуугандан кереги жок. Ооз көңдөйүн туура тазалонун атайын ыкмалары бар.Аларды интернетттен карап алып туура жууш керек. Тишти эртең менен тамакка чейин жана кечинде тамктануудан кийин жууган туура. Орточо катуулуктагы щетка менен колдонуу керек. Ошондой эле алмаштырып туруу зарыл.
Ысыкта кантип ден соолукка туура кам көрүү керек?
Айгерим Кубатбекова