Кыргызстанда күндүн ысыгы +40 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Синоптиктер абанын жогорку температурасы 3-июлдан тарта төмөндөөрүн айтышууда. Аптаптуу ысыкта тамак-аштан улануу, ич өтүү, тамагы оорусу күн өтүү сыяктуу бир топ оорулар күч алууда.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инфекциялык эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн санитардык дарыгери Аида Алимбекова жана Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Акымбаева ысыктан сактануу, ден-соолукка кам көрүү туурасында айтып беришет.
Ысык аба ырайында жүрөк-кан тамыр системасынын жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер гана эмес, дени сак адам да жакшы көтөрө албайт. Мындай аба ырайында өнөкөт оорулар күчөп кетиши мүмкүн. Жай мезгилинде дагы бир маанилүү коркунуч — ичеги-карын инфекциялары, айрыкча жаш балдар арасында жана тамак-аштан уулануу коркунучу бир нече эсеге көбөйөт.
Андыктан тамак-аш колдоноорлун алдында мөмө жемиштерди, жаашылчаларды сөзсүз турдө таза жууп жеген зарыл. Ошондой эле тамак-аштан ууланган учурлардын эн башкы себеби санитардык талаптарга жооп бербеген, гигиена сакталбаган ошондой эле тез тамактанчу жерлерде тамактангандан улам.
Ичеги инфекциясы менен ооруп калбоо үчүн:
— көчөдөн үйгө кайтып келгенден кийин, тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;
— жашылчаларды, жемиштерди жана мөмөлөрдү суу түтүгүнүн астында жакшылап жууп жегиле;
— сатуучудан сатылып жаткан продукциянын сапат сертификатын суроо;
-ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз жана чымындардан сактануу үчүн терезелерди сеткалаңыз;
— жеке үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо, анткени ысык мезгилде патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык түрдө көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт;
— тамак-ашты туш келди адамдардан, көчө сатуучулардан же базарлардан сатып албаңыз;
— үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоодо гигиеналык эрежелерди, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз. Чийки тамактарды жана бышырылган тамактарды өзүнчө сактоо керек;
— чийки тамактарды иштетүү үчүн өзүнчө бычактарды жана кесүүчү такталарды колдонуу шарт;
— тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта гана сактоо;
— күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз;
— өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн калпак жана табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийиңиз. Мындай ысыкта синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларына алып келет;
— сууга түшүү — денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек жана эч кандай учурда спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
Ысыкта көп өлчөмдө суу ичүү сунушталат бирок, аны дагы туура ичүү зарыл!
Айгерим Кубатбекова