Ак-Талаа районунда 12-июлдан бери Улуттук госпиталдын кызматкерлеринен турган “Ден-соолук кербени” калкты бекер медициналык кароодон өткөрүлүүдө.
Курамында кардиолог, терапев, эндокринолог, невролог, гастроэнтеролог, окулист, стоматолог дарыгерлерден турган кербен калкты УЗИ, рентген, флюрография аппараттарынан өткөрүп, лабораториялык, биохимиялык анализдерди алууда. Бардык кароодон өтүүчү жарандарга оору тарыхы (история болезнь) ачылып, кандай анализдерди тапшыруу керектиги жазылган. Ар бир жаран 9 дарыгердин кароосунан өтүп, кеп-кеңештерин алышат. Долбоордун координатору Аида Алаеванын айтымында бардык оору тарыхы саламаттыкты сактоо министрлигинин базасына киргизилет.
“Бир күндө 50гө чейин киши кабыл алдык. Педиатр жок болгон үчүн 18 жашка чейинки балдарды жана кош бойлуу аялдарды кабыл алган жокпуз. 10 күндө орто эсеп менен 500 гө жакын киши кабыл алдык. Күндө аналаиз жасап жаттык. Ушу 500 кишинин басымдуу бөлүгү жогору кан басым менен жабыркагандыгы анык болду. Өздөрү билсе дагы, каттоого отурбай, убагында дарыланбагандар бар”,- деди.
Мындан сырткары жаштар арасында аз кандуулук, туура эмес тамактануудан, ашыкча салмактан жана бөйрөк оорусу менен жабыркагандар басымдуулук кыларын кошумчалады.
Россия Федерациясынын колдоосу менен ишке ашып жаткан «Ден-соолук кербени» 12-июлдан 22-июлга чейин Баетов айылында болушуп, жакынкы 8 айылдын тургундарын кабыл алышты.
Ал эми 22-июлдан 26-июлга чейин Коңорчок айылында (Чолок-Кайың, Коңорчок, Жерге-Тал, Кош-Дөбө) айылдарында, 27-июлдан 2-августка чейин Тоголок Молдо айылында (Тоголок Молдо, Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Кызыл Белес, Ак-Тал) айылдарынын жашоочулары көрүнө алышат. Медициналык кароо баардык айылдардагы медицина мекемелеринде (ФАП, ҮДТ) жүргүзүлөт.
Барчын Мамытбекова
Сүрөт: Шахназар Жанболотов