Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде келечектин жаш муундарын ар түрдүү адистикке даярдап, жылына жүздөгөн жаш адистер кесип ээлери болушууда. Дүйнөдө билим берүү тармагы ушунчалык тез өзгөрүп жатат, замандын тенденциясына жетишүү үчүн №43 кесиптик лицей окутуунун инновациялык методдорун сунуштайт.
№43-кесиптик лицейдин мугалим устаттарынын айтуусу боюнча, кесиптик лицей-кесипке үйрөтүп, сабак өтө турган имарат гана болбостон, лицейди окуп бүткөн жаштар мобилдүү, ишкерликке жөндөмдүү, өзүн өзү өнүктүрө ала турган жашоо көндүмдөрүнө калыптанган жаштарды өстүрүүсү керек. Мугалимдердин байкоосунда азыркы учурда тажатма сабактардан азыркы муундун жаштары чарчап бүткөн сыяктуу. Ал үчүн окутуунун инновациялык методдору менен сабак өтүүнү сунушташат.
Лицейден мына ушундай кесипкөй инсандарды чыгаруу үчүн эмне кылуу керек?
1. Тренинг-бул аудиториядагы топтук сабак, анда окуучулар практикалык көндүмдөрдү алышат. Тренингдеги Теория болгону 10-20% ды түзөт. Калганы практика менен коштолот. Ошондуктан эффективдүү метод болуп саналат.
2. Кейс-стади (Case study) -Изилденип жаткан багытта болушу мүмкүн болгон реалдуу кырдаалдарды изилдөө жана талдоо методу. Ишти чечүү үчүн сунушталган кырдаалга жана оптималдуу чечимге талдоо жүргүзүү керек.
3. Коучинг-бул насаатчылык. Тренерлер өздөрү мугалимдер жана компетенттүү студенттер, жаш адистер болушу мүмкүн. Коучинг жалпы өнүгүүгө эмес, так аныкталган максаттарга жетүүгө багытталат.
Дүйнөдө билим берүү тармагы ушунчалык тез өзгөрүп жатат, ошондуктан заманбап стратегияларга көнүшүбүз зарыл. Болбосо, келечектеги жаңы муунга реалдуу жашоодо өз кесибинин ордун табуу кыйын болот.
Турсун Омуралиева