17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Күмүшай Мурзабекова 9-класстарга диндердин өнүгүү тарыхы боюнча, 11-класстарга тарых сабагынан ачык сабак өтүп берди. Келген коноктор да баары эң жакшы баа беришип райондук жана облустук громаталарына сунушташты.
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин директору Замира Нурдинова «Бул иш чараны уюштурганыбыздын негизги максаты биздин мектептеги болуп жаткан иш тажрыйбалар, методикаларды башка мектептеги мугалимдер келип көрүп, таанышып кетсин деген максатта уюштурдук. Аларда бизге кеңештерин айтууда. Аларга тарых мугалимдерибиз ачык сабактарды өтүп жана концерттик кече уюштуруп берди. Бир мектепте канча тарых мугалими болсо да келүүсү мүмкүн, аларга чектөө жок», — деди.
«Бүгүнкү семинар эң жогорку деңгээлде болду. Тарых сабагынан өзүмө керектүү маалыматтарды алдым. Бизге тарых мугалимдери жаш болгондугуна карабастан сонун сабактарды жана концерттик кечелерди уюштуруп беришти. Т. Айбашев атындагы орто мектебинин мугалимдерине терең ыраазычылыгымды билдирем», -деп билдирди Алтымыш Нарматов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Арзыгүл Азимова.
Жумагүл Көчкөнбаева