Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде 19 жылдан бери эмгектенген Асылбүбү Базарова өрнөктүү өмүрүн билим берүү тармагына арнаган мугалим. Ардактуу кесиптин чыныгы ээси эмгек жолунда кесиптик ишмердүүлүктүн көптөгөн тепкичтерин басып өттү, катардагы мектеп мугалиминен баштап, жогорку окуу жайлардын окутуучусу болду. Соңку жылдары эмгек жолун башталгыч билим берүү тармагына арноодо.
Асылбүбү Базарова, мээнеткеч, алдыга койгон максаттарынын өтөөсүнө чыгып келе жаткан жоопкерчиликтүү мугалимдердин бири. Жумушту, үй-бүлөнү, кызматты, коомдук иштерди бири-биринен өксүтпөй катарлаш ала жүрүүсү, ишти уюштура билүүсү өзүнүн табигый жөндөм-мүмкүнчүлүгүн туура чегере билүүсүнө байланыштуу.
№43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев кесиптеши Асылбүбү Базарова жөнүндө төмөнкүчө айта кетти: «Педагогдук кесип — уникалдуу кесип, чынында кесиптердин төрөсү. Азыр учурдун талабына ылайык илим, технологиялар өркүндөп-өсүп дүйнөлүк ааламдашуу процесси тездик менен өнүгүп жаткан учурда адамзаттын рухий табылгаларын пайдалануу менен билим, тарбия берүү өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, азыркы технологиялык жаӊылануу мезгилинде да алмустактан бери улуттун уӊгусунда сакталып келе жаткан, мурасын муундарга өткөрүп берүү ушул эӊ жөнөкөй жана ардактуу кесиптин ээлери болгон мугалимдин милдети экени баарыбызга маалым. Ошондой педагогдордун бири Асылбубү Базарова эжебиз жөнүндө айта кетпесек болбойт. Асыл эже биздин лицейде кадырлуу адам. Ар бир кылган ишине жооптуу дагы, ардактуу дагы кесиптин чыныгы ээси. Жан дүйнөсү, дили, руху, таза гана адам изги иштерди жасай алат эмеспи. Билимин, акылын, тажрыйбасын, аракетин, эмгегин баштаган ишине жумшаган адам анын үзүрүн көрөт деп айта алам. Асыл эже кандай иш жасабасын атак-даңк үчүн эмес, чын ыкластан берилгендик менен майын чыгара ийине жеткире аткарат. Биз бул жашоого бир келип, бир кеткен конок экенибиз чындык, ошол бир берилген өмүрдө татыктуу жашап өтүү өмүрдүн текке кетпегенинин көрсөткүчү болуш керек. Бул киши лицейдеги жаш мугалимдерге насаатчы да, устат да боло алат. Эже өзү айткандай өрнөктүү өмүр изи №43 кесиптик лицейде калат».
Асылбүбү Базарованын эмгек тажрыйбасы:
1981-жылдан 1996-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы №9-орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими,
1996-жылдан 2003-жылга чейин Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин «Педагогика жана психология» кафедрасында окутуучу
2003-жылдан 2005-жылга чейин Чүй облусунун Манас айылындагы Атбашы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими
2005-жылдан бери №43-кесиптик лицейде Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалап келди. Учурда ден-соолугуна байланыштуу кыргыз тили жана адабияты сабагын берүүдө.
Асылбүбү Базарованын алган сыйлыктары:
Турсун Омуралиева