Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде «Аскерге чейинки даярдык» сабагы башкача формада өтүлүүдө. Кесиптик лицейдин «Аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов сабак өтүүдө окуучуларды айыл аймагында жайгашкан, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 10-ротасы менен кызматташат.
Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин мугалими Узакбай Исмаилов, мындай ыкма «Аскерге чейинки даярдык» сабагында балдарда мекенчилдик сезимди ойготуу, жарандык жана аскердик милдетти калыптандыруу, өз мекенин коргоого даярдоо болот деген оюн билдирүү менен төмөнкүлөрдү айта кетти: «Мен «аскерге чейинки даярдык» сабагынын мугалими катары айта кетсем, лицейдин китепканасында предметтик окуу китеби жок. Илгерки союз маалынан калган он чакты эски китеп бар. Бул албетте, жетишсиз, бирок сабактын максатына жетүү үчүн, кырдаалдан чыгуу жолдорун өз алдынча изденип, керектүү материалдарды интернеттен алып жатамын. Андан тышкары Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10 — ротасы менен кызматташуудамын».
«Биздин лицейде окуучуларга көрсөткөнгө колдо курал-жарак жок. Анткени, бул маселе эң чоң мааниге ээ. Автоматты кармап көрүп, ажыратып кайра чогултуп көрсө жаштарда башкача сезим пайда болот. Бирок тилекке каршы, бизде андай шарт жок. Мына ошондуктан, бул кырдаалдан чыгуу жана окуучулардын мекенчилдик сезимин ойготуу үчүн аскер бөлүктөрүнө жок дегенде ай сайын бир жолу окуучуларды алып барып трамын. Анткени окуучулар аскерлердин жашоосун, курал-жарактарды, машыгууларды өз көзү менен көрсө мекенчилдик сезими ойгонот», — дейт Узакбай Исмаилов.
Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10 — ротасынын жетекчилиги менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жылына бир жолу ачык эшиктер күнү өткөрүлүп турат. Бул күнү окуучулар аскерлердин жашоосун, тамак ичкен, уктай турган, машыккан жерлерин, кийимдерин, курал-жарактардын, техникалардын түрүн көрүп келишет.
Турсун Омуралиева