Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде жана «ашпозчу» кесибинде окуган тайпалар арасында “Мыкты ашпозчу” таймашы болуп өттү. Бул кароо-таймаш лицейдеги 1-2-3-курстар арасында өткөрүлдү. Буга чейин «Мыкты-ашпозчу» кароо-таймашынын 1-туру өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 2-турга катышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Аталган кароо-таймаштын максаты кесиптик лицейдеги «ашпозчу» кесибинин даражасын көтөрүү, келечектеги жаш адистердин деңгээлин арттырууга шыктандыруу жана жетишкендиктерин баалоо максатында лицейдин устаты Динара Абакова тарабынан уюштурулууда.
№43-кесиптик лицейдеги окуучулардын көпчүлүк бөлүгүн «ашпозчу» кесибинде окуган окуучулар түзүшөт. Жыл сайын бул кесиптик лицей жүздөгөн жаш ашпозчу кадрларды даярдап чыгарат. Учурда ашпозчулук кесиби боюнча 5 тайпа бар, андан сырткары кыска мөөнөттүк окутуулар болуп турат.
Бүгүнкү кароо-таймашта ар бир жамааттан 2 ден ашпозчу болуп, жалпысынан 48 окуучу 2-турдагы таймашка катышты. Келечектеги ашпозчулук кесиптин ээлеринин ойлоп тапкыч, фантазиясы, дүйнө таанымы кеңири болушу керек. Алар адамдардын табитин таба билүүсү зарыл.
Турсун Омуралиева