Ак -Талаа районунда таймаш аркылуу окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ынтымагын бекемдөө максатында «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну уюштурулуп, ага алты мектептин 7-классынын окуучулары катышты. Бул оюн Кыргыз радиосу жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, жобого ылайык командалар төрт бөлүмдөн турган тапшырмаларды аткарышты.
Интеллектуалдык оюндун катышуучулары
Командалар төрт бөлүм боюнча тапшырмаларды аткарышты
Командалар тарых, георгафия, табият таануу сабактарынан билимдерин сынашты
Биринчи бөлүмдө командалар бири-бири менен саламдашып, кийинкиде логикалык ой жүгүртүүгө байланыштуу суроолор берилди. Ал эми үчүнчү бөлүмдө тарых, география, табият таануу, кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча билимдерин сынашты. Акыркы бөлүмдө командалар кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окушту.
Баш байгени жеңип алган «Жаш канат» командасы
К.Молдобасанов мектебинин «Дилгир» командасы
Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин «Дилгир» командасы
«Чилистен» командасы — Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары
Жыйынтыгында Б. Мүсүралиева атындагы орто мектебинин «Жаш канат» командасы башкы байгени жеңип алышып, «Акыл таймаш» интеллектуалдык радио оюнуна жолдомо алды. Мындан сырткары К. Молдобасанов атындагы орто мектебинин «Дилгир» командасы 1-орунду, Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин «Дилгир» командасы 2-орунду камсыз кылды. Э. Карасартов атындагы орто мектебинин «Чилистен» командасы 3-орунга татыктуу болду.
Аталган интеллектуалдык оюн райондо өрөөн-өрөөн болуп өткөрүлөт жана жеңүүчүлөр республикада башка райондун командалары менен билим сынашат.
Мээрим Тентиева