Кочкор районунун Ара-Көл жалпы орто билим берүүчү мектебинде, башталгыч класстар үчүн ысык тамак бериле башталды. Ысык тамак берилүү демилгесин «MERCY CORPS» компаниясы камсыздап жана 4 күнүн мамлекет, 1 күнүн ата-энелер камсыздоодо.
Мектепте ысык тамак берүүнүн себеби, бала мектепте ачка болсо, анын ойлонуусу, ой жүгүртүүсү, сабакка болгон кызыгуусу жана эстеп калуусу кыйыныраак болот. Мектепте ысык тамак берилсе балдардын аз кандуулугуна каршы күрөшүп, балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырат. Ошондуктан мектепте ысык тамак берүү абдан зарыл.
Алибек Каипбеков