Чүйдөгү №43-кесиптик лицейде «ашпозчу» кесибинин устаты Сезим Алтымыш кызы Корея ашканасынын тамактарын жасап үйрөнүүдө. Ал Кореядан келген ашпозчу Енгми Муундан өзүнүн окуучулары менен кошо Корея тамактарын бирге даярдашат.
Жаңы-Жер айылдындагы №43-кесиптик лицейдин «ашпозчу» кесибинде окуган окуучулар бүгүн өндурүштүк-практикалык сабак учурунда, Корей ашканасындагы тоок этинен тамак аштарды даярдашты. Корея ашканасындагы улуттук тамак аштарды ыктыярчы-ашпозчу Енгми Муун кесиптик лицейдеги окуучуларга чын дили менен үйрөтүүдө. Бүгүн бизге Сезим Алтымыш кызы өзү үйрөнгөн Корея ашканасындагы тоок этинен жасалган тамак аштары жөнүндө айта кетти.
Корея тамактары акыркы жылдары жаштар арасында абдан популярдуу болуп калды. Өзгөчө сушини жаштар өтө көп пайдаланышууда. Корея ашканасында жашылчалар, белоктор жана абдан аш болумдуу ингредиенттер корей тамактарынын көбүн түзөт. Кесме менен күрүчтө тең углеводдор бар. Мунун баары алардын ден соолугун чыңдайт.
Fried chicken — Куурулган тоок деп аталат, татытылган унга же камырга капталып көмөч казанга куурулат. Куурулган унга куурулган тооктун чайнаганда шылдыраган үн чыгат. Корей куурулган тоок эти назик, ширелүү тоок этин курчап турган жука, кытырак кабыгы менен өзгөчөлөнөт. Бирок, ал майга өтө куурулгандыктан жана көп учурда туздуу, таттуу соус менен берилгендиктен табитти ачат.
Yam Yam Chicken — Кореялык терең куурулган тоок кунжут уруктары менен, ачуу корей чили соусу менен берилет
Tokpokki — күрүчтөн жасалган токочтордун бир түрү. Кореяда аларды ачуу соуста кууруу адатка айланган. Анткени алар каалаган учурда жегиңиз келе турган даамдарга ээ болгондуктан, алар ачуу, күчтүү, даамдуу жана эттүү.
Кореяда дагы бир сөз бар «Күрүчтү нан менен жебейсиң». Бул жерде күрүч нандын ордун басат, андан жасалган тамактардын саны эсепсиз. Корейлердин кээ бир кулинардык ойлоп табуулары биздин жашообузга сөзсүз кирет: мисалы, даамдуу күрүч Tokpokki. Бул тамактын негизги ингредиенти — Кореяда ттеок деп аталган күрүч таякчалары. Алар Кореяда көптөн бери белгилүү, бирок тарыхый жактан бул тамак ачуу болгон эмес. Ал маринаддалган уй эти жана жашылчалар менен айкалыштырылган, ал эми кадимки соя соусу менен чыктап берилген.
Чындыгында, Корей ашканасы диеталык тамак болуп эсептелет, анткени азыркы учурда фигурасын карагандар арасында популярдуулукка ээ болду. Кошумчалай кетсек, корей тамактары клетчаткага жана ар кандай татымалдарга бай, алар абдан пайдалуу.
Турсун Омуралиева