Кызыл-Кыя шаарындагы №70 кесиптик лицейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы жана «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн менеджери келип таанышып чыкты.
«Бүгүн биздин кесиптик лицейибизге билим берүү жана илим министринин басма сөз катчысы жана «Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун аткаруу бөлүмүнүн менеджери келип биздин лицейибизди көрүп кетти. Мен лицейде 2 жылдан бери директору болуп иштеп келем. Бул пилотттук лицей болуп дайындалгандан кийин кризистик окууну колго алып, тикмечиликтен сырткары баардык окууну өткөрдүк. Лицейге Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен тигүүчүлөрүбүзгө акыркы үлгүдөгү 72 машинка алып берди, жана ошондой эле кээ бир класстарга оңдоп түзөө иштери жүргүзүлдү. Оңдоп түзөөдөн өткөндөн кийин окуучуларыбызга да мотивация болуп ата-эне да баласын жакшы окуу жайга берүүсү келет экен ошондуктан кабыл алуу да 100% болду», — деди №70 кесиптик лицейинин директору Орунгүл Ибрагим кызы
№70 кесиптик лицейи азыркы учурда 4 багыт менен тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, ширетүүчүлөрдү жана IT боюнча адистерди даярдайт. Лицейде 465 студент окуйт. 1-2-курстар жана 10 айлык мөөнөт менен окуган студенттер бар. Окуу жайда 45 ке жакын мугалим устаттар студенттердин үстүнөн эмгектенишип кесипке үйрөтүп жатышат.
Жумагүл Көчкөнбаева