Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.
Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин соц. педогогу Өмүрбек Урматовдун айтуусу боюнча Чолпон айыл өкмөтүндө 10 айыл бар. Ошол 10 айылда 8 мектептин эжей-агайларынын арасында ынтымакты бекемдөө максатында 1 жылда 2 жолу спорттук мелдеш ойнотулуп турат. Буга чейин Корчубек Акназаров мектебинде, Ак-Чий орто мектебинде, Асыранбек Мааткеримов мектебинде өтүлсө, бул ирет Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлүүдө. Мелдештин жобосу боюнча ар бир мектептен 3 эжеке жана 3 агай же тех. кызматкерлери деп айтылган. Бул эже агайлар арасында тең салмактуулук болуусу үчүн иштелип чыккан. 1-орунга кубок, биринчи даражадагы громата жана биринчи даражадагы медалдар ыйгарылат. 2-орунга экинчи даражадагы громата жана экинчи даражадагы медалдар, 3-орунга үчүнчү даражадагы громата жана үчүнчү даражадагы медалдар берилет. Ошондой эле акчалай сыйлыктар дагы каралган.
Оюнга 7 команда кат салышып «А» жана «Б» тайпасына бөлүнүштү. «А» тайпасына Асыранбек Мааткеримов мектеби, Кайып Темиров мектеби, Корчубек Акназаров мектеби, Жунушаалы кызы Сайнап мектеби кирди. «Б» тайпасына Ара-Көл жалпы билим берүүчү мектеби, Ак-Чий жалпы билим берүүчү мектеби, Абдулла Качыбеков мектеби кирди.
Биринчи оюнду Асыранбек Мааткеримов жана Кайып Темиров мектебинин эжей-агайлары баштап, Асыранбек Мааткеримов мектеби жеңип чыкты. Экинчи оюнду Абдулла Качыбеков жана Ак-Чий мектеби ойноп, Абдулла Качыбеков мектеби экинчи орунду алды. Ал эми үчүнчү оюнду Корчубек Акназаров жана Жунушаалы кызы Сайнап мектеби ойноп, Корчубек Акназаров мектеби жеңип алды. Төртүнчү оюнда Ара-Көл мектеби жана Ак-Чий мектеби ойноп, Ара-Көл мектеби жеңип алды. Оюндан кийин жалпы мугалимдерге дасторкон даярдалып, ыр ырдалып, жакшы тилектер айтылды.
Оюндун соңунда Ара-Көл орто мектеби 4-орун, Абдулла Качыбеков мектеби 3-орун, Асыранбек Мааткеримов мектеби 2-орун, Корчубек Акназаров мектеби 1-орунду жеңип алды.
Нуртилек Айтбеков