24-ноябрь күнү Ош шаарынын Кулатов айыл аймагына «Ак таңдай» акындар тобу айыл тургундарына концерт коюп беришти. Концертке Кызыл-Булак айылынын жашоочулары келип, көрүп кетишти.
«Ак таңдай» акындар ордосунун автору жана жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Нурсултан Кадыралиев.
«Ак таңдай» акындар ордосунун автору жана жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси Нурсултан Кадыралиев. Ордо 30 жыл мурун түзүлгөн жана кызыккан адамдарды комуздун чертүү жолдоруна, манасчылыкка, төкмөлүккө жана ырчылыкка үйрөтүп келет. «Биздин ордого Т. Кулатов айыл аймагынан Ниязбек Айбашев демөөрчүлүк кылып, колдоп келет. Эгерде комузчу же төкмөчү болгум келет деген адамдар бар болсо биз үйрөтөбүз, алардын жашына чектөө жок. Биз 2023-жылы Жалал-Абад жергесине, Оштун башка аймактарына концерт койдук. Буйруса 2024-жылдан Баткен облусуна коёбуз деген максаттарыбыз бар», — деди Нурсултан Кыдыралиев
«Бүгүнкү концертке үй-бүлөбүз менен 100 сомдон билет сатып келдик. Келгенибизге өкүнбөйбүз, көңүлүбүз аябай көтөрүлдү. Эң жогорку деңгээлде аткарып беришти. Концертте акындар айтышты, комуз чертишти жана обондуу ырлар менен коштолду», деген ою менен Кызыл-Булак айылынын жашоочусу Шарапат Маматалиева бөлүштү.
Жумагүл Көчкөнбаева