Нарын районуна караштуу Учкун айылында Чоро Кожомжаров маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Маданият үйүнүн ачылышы 15 -ноябрь күнү болуп өттү.
Учкун айыл аймагынын Учкун айылында туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучусу, көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаровдун 80 жылдыгы жана Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн ачылышы болуп өттү.
Чоро Кожомжаровдун 80 жылдыгына Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 сомдон ашуун акча бөлүнүп, Учкун айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлдү. Концертти Нарын райондук маданият бөлүмүнүн режиссёру Абылова Тилекгүл жогорку деңгээлде уюштурулуп, Чоро Кожомжаровдун туугандары келип катышты.
80 жылдыкка Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери жана “Чоро” тобу, Нарын облустук администрациясынын жетекчилери жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамааты, Нарын райондук мекеме жетекчилери, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театры, Нарын райондук маданият бөлүмү, Нарын районунун айыл өкмөттөрү, Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн маданият үйүнүн жетекчилери, Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары, Учкун айыл аймагынын мекеме жетекчилери, Учкун айыл аймагынын аксакал ата-апалары жана Чоро Кожомжаровдун замандаштары, Учкун айыл аймагынан чыккан таланттуулар жана башка коноктор чакырылды.
Учкундан чыккан улуу инсан Чоро Кожомжаров 1942-жылы 7-ноябрда Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган.
Бала кезинен атанын жана аганын кесибин аркалап, комуз кармап, күүлөрдү черткен Чоро 1955-жылы Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүнө кирет. Балалыктын балдай таттуу кыялдарына балкыган жаш улан бактысын музыкадан таап, сересине чыккысы келет. Бат эле музыкалык сабатын жоюп, фортепианодо, домбра-примада эркин ойноого жетишет. Бир эле мезгилде ал үчүнчү курстан тартып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде домбра – примада ойнойт. Комузчулар ансамблинде залкар күүлөрдү аткарат. Оркестрден ар кыл жанрдагы чыгармаларды угат. Аларды аткарат, музыкалык аң – сезимин байытат. Аткаруучулук чеберчилигин такшалтат.
1959-жылы музыкалык окуу жайдын домбра – прима классын артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Бүтүндөй өмүрүн музыкага арноого арымын таштайт. Комуз баштаган музыкалык аспаптарда ойноо менен бирге, Чоро обон да жазат. 1962-жылы Кыргызстан композиторлор союзу уюштурган жаш композиторлордун сынагына катышып «Биз тынчтыкты сүйөбүз», «Ашыгы келээр кез болсо», «Кызганамын» аттуу ырлары үчүн баш байгени жеңип алган.
Кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна чейин белгилүү болгон Чоро Кожомжаров жетектеген эстрада ансамбли бат эле белгилүү болот. Алсак, чакан топтун өнөрү менен Канаданын, Түркиянын, Монголиянын, Сириянын, Белгиянын, КМШ өлкөлөрүнүн угуучулары таанышат. Чоро ансамблди жетектөө менен бирге эле ырчыларга репертуар таап, тандап, обондорун, күүлөрдүн улуттук түсүн, аваздык, аспаптык, көркөм боёкторун өчүрбөй иштеп чыгат. Чоронун эстрада музыкасынын тилин билгени, жаңычылдыгы, обончу –ырчы Э.Кушчуевдин «Ой-тобо», эл куудулу, обончу-ырчы Ш. Термечиковдун «Кантың бар», А.Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», С.Жумалиевдин «Дзержинский бульварым» ж.б. ырларында айдан ачык көрүнөт.
«Шоола» кыздар эстрадалык ансамблин 1974-жылы Чоро Кожомжаров менен бирге Эркин Курманов түзгөн, анткени «Кыз-Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова ушул топто урма аспапта ойногон.
Чоро Кожомжаров таланты ташкындап турган 39-жаш курагында 13-апрелде Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтат. Чоронун жаркын элеси, элине таштап кеткен музыкалык мурастары элдин эсинен эч качан кетпейт. Чоро Кожомжаров атындагы маданият үйүнүн 2022-жылдын үлүштүк дем берүүчү (СТИМГРАНТ) гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
Долбоордун жалпы наркы: 4 437 020 сом
Үлүштүк дем берүүчү грант: 2 839 692 сом
Айыл өкмөттүн бюджетинен 1 597 328 сом
Нурайым Асанова
Куланак жамааттык медиа борбору