Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башчысынын орун басары, гинеколог Роза Абильдаева биргеликте Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосунун түз эфиринде угуучулардын ар тараптуу суроолруна жооп беришти
Тогуз-Торо районунда саламаттыкты сактоо тармагында элге тиешелүү шарттарды түзүү максатында кандай иштер жасалды?
Аким Манас Мураталиев: Тогуз-Торо районунда саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү карап чыгып, кийинки жылдарда чечүү пландарыбызды коюп жатабыз. 2023-жылы айыл өкмөт тарабынан фельдшердик-акушердик пунктар (ФАП) салынды. Кийинки жылы эң негизги максатыбыздын бири имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү.
Медицина тармагында кадрлар жетиштүүбү?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Азыркы учурда кадрлар жетишпейт. Өзгөчө реаниматолог, андан тышкары дарыгерлер акушер, гинеколог, рентгенолог, үй-бүлөлүк дарыгерлер, хирург негизинен жаш кадрлар келсе жакшы болмок. Азыркы учурда Жалал-Абад облусунан келип иштеп берип жатышат.
1айга, 2айга келип иштеген дарыгерлерге шарттар канчалык деңгээлде түзүлгөн?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Аларды жашаган үй-жай, коммуналдык кызматтар менен камсыздап бергенбиз. Былтыркы иштеген реаниматолог келишимдин негизинде 45 миң айлык алып иштеп кетти.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө азыртадан келишим түзүп врач болом дегендерге контрагын төлөп берип кийин окуусун бүтүп айылга келип кызмат кыла тургандай кылса болот беле сиздин оюңуз кандай?
Аким Манас Мураталиев: Биз июль айында бюджетке 5 жолдомо кат бердик, Тогуз-Торо районунан 3-4 окуучу өттү. Экөө биз менен келишим түзүп кетишти, биз аларды колдойбуз. 10 киши болсо дагы жолдомо кат бергенге даярбыз.
Жакында эле мугалимдер күнүнө карата мыкты көрсөткүч көрсөткөн мугалимдерге эс алуу жолдомолор берилди. Ошол сыяктуу медиктердин майрамына карата да өзгөрүүлөрдү киргизүүгө болобу?
Аким Манас Мураталиев: 2024-жылга мугалимдерге кандай саякаттар каралса, дарыгерлер да ошондой болот.
Азыр адам ооруп калса көп суммадагы акча төлөйт деп жатышат ошол жөнүндө да маалымат бере кетсеңиз.
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Жаңы токтом чыккан, ал токтомдо өзгөрүүлөр бар. Азыр милдеттүү түрдө полис алуу керек. Эгерде ал полиси жок болсо, соматика бөлүмүнө жатып калса 8400 сом же хирургияда жатып калса 9170 сом төлөйт. Статусу болсо анча акча төлөбөйт.
Ал статусту (полис) кайдан алса болот?
Оорукананын орун басары Р.Абильдаева: Полисту алуу үчүн паспорту менен бухгалтерияга жиберебиз, ошол жактан акчасын төлөйт дагы 5 күндөн кийин полиси келет.
Көптөгөн жылдан бери район элинде күйүүчү майга болгон маселе бар ошол бир нече жылдан бери чечилбей жатат ушул маселени чечип берсеңиз
Аким Манас Мураталиев: Азыр күйүүчү майды чечүүнүн долбоору даяр болду, биз өнөктөтөр менен келишим түздүк. Декабрь айларында же жаз айларында курулуп баштайт.
Эвелина Жумабекова