Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине колдоо иретинде 10 млн. сомдон акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Жусупжановдун маалыматына караганда бул каражат өлкө башчысынын үстүбүздөгү жылдын 3-апрелиндеги жарлыгынын негизинде бөлүндү.
“Каражат эсепке келип түштү. Аны кеңештин депутаттары менен биргеликте кеңешип, айылга таш майдалоочу шайман (дробилка) сатып алууну пландап жатабыз. Жакынкы аралыкта тендер жарыялайбыз. Мындан сырткары облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна дагы 8 млн сомго долбоор жазып жатабыз. Анткени шаймандын өзү эле 10 млн сом турат экен. Эгер бул ишке ашып калса саатына 50 тонна сууга жуулган таза курулуш материалы чыгарылат. Бул эл үчүн пайдалуу болот”,- деди Улукбек Жусупжанов.
Барчын Мамытбекова