Ноокат районунун Т.Кулатов айылына Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынан иш тажрыйба алмашуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары келди. Алар Т.Кулатов айылындагы жасалып жаткан иштерди, тажрыйбаларды көрүүдө.
Конокторго «Шайыр апалар» ыр тартуулап берүүдө
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев: «Бизге Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынан коноктор келишти. Алар биздин жасап жаткан иштерибизди тажрыйбаларыбызды көрүүдө. Бизге аларда болуп жаткан жаңы реформа боюнча, жаңы иштер боюнча өздөрүнүн ой пикирлерин, тажрыйба алмаштыруу боюнча айтышат. Биз келген конокторду айыл өкмөтүнүн ичиндеги иш кагаздар, билим берүү боюнча мектеп жана бала бакчалар менен, айыл чарба дыйканчылык боюнча жана тамчылатып сугаруу боюнча кененирээк тааныштырып чыктык. Алар да тажрыйбалары менен бөлүшүп, бизден да көптөгөн тажрыйбаларды алууда», деп билдирди
Жан-Булак айылынын айылдык кеңешинин депутаты Чогулдур Абдыжалилов
Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын айылдык кеңешинин депутаты Чогулдур Абдыжалилов: «Кулатов айылына биз Жан-Булак айыл өкмөтү менен Кулатов айыл өкмөтүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу максатында келдик. Бүгүн буйруса экинчи күн болот бизге аябай жагып жатат, жакшы маанайда тосуп алышты. Биз көптөгөн тажрыйбаларды алып жатабыз. Биз жеке эле конок болбостон иш жүзүндө да көп нерселерди үйрөнүп толуктап жатабыз», — деп билдирди
Чынара Нурманова