Базар-Коргон району боюнча 2022-жылы 50 үй-бүлө, 2023-жылы 582 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдер түзүлүп, 100 000 сомдон кайтарымсыз акча берилген.
Базар-Коргон районунда «Жаңы кадам» — ийгиликтин башаты аталышында Социалдык контракт алуучулардын райондук конференциясы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлүк азык-түлүктү колдоо пограммасынын өкүлү, Социалдык контракт долбоорунун координатору Самаган Асанов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары Асель Сансызбаева, Базар-Коргон райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Мунарбек Калмаматов жана райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, социалдык контаркт алган ишкерлер катышты.
Конференциянын башкы максаты – социалдык келишим аркылуу жардам алуучулардын арасынан республикалык деңгээлдеги “Жаңы кадам” съездине Базар-Коргон районунан делегаттарды шайлоо болуп эсептелет.
Гулназ Камбарали кызы