Т. Айбашев атындагы орто мектебинде алтын күз майрамы болуп өттү. Майрамга 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

Бурул Арыкова
Т. Айбашев атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Бурул Арыкованын айтымында, алтын күз майрамынын негизги максаты балдарды эмгекке үндөө, базар экономикасына салым кошуу. Майрам 1 жылда 1 жолу өткөрүлөт. 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, өз алдынча мөмө жемиштерин алып келип сатышат, андан түшкөн каражатты, класстарына керектүү буюмдарын алууга сарптайт.

Мөмө жемиштер

Жаммла Жолдошева
Ак-Чал айылынын тургуну Жамила Жолдошева: «Бүгүнкү алтын күз майрамы жогорку деңгээлде өтүп жатат. Мен жыл сайын келип соода кылып кетем, базар баасынан кыйла арзан жана сапаттуу азыктар болот», — деп билдирди
Жумагүл Көчкөнбаева