Сокулук районундагы мектептердин арасында 12-13-октябрь күндөрү билим таймашы өттү. Бул таймашка райондун 8 мектебинин окуучулары Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосунда «Акыл ордо-2024» билим таймашына катышуу үчүн сыноо турунан өтүштү. Сыноо турунан Жал айылынын мектеп-гимназиясынын окуучусу Курманкожоев Арууке жеңип чыкты.
«Акыл ордо» билим таймашынын демөөрчүсү Тынчтыкчбек Конушбаев. Быйыл таймашка жалпысынан 8 мектеп катышып билимдерин сынашат. Алар: Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы, Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы, Фрунзе №1 мектеп-лицейи, Гавриловка мектеп-комплекси, Шопоков атындагы мектеп-гимназиясы, М.Жангазиев атындагы №4 орто мектеби, К.Шопокова атындагы мектеп-лицейи, Сокулук №2 орто мектеби.
Сынактын шарты боюнча былтыр супер финалга катышкан окуучу катышканга болбойт. Себеби, финалга чыккан окуучуларга Бишкекке эки күндүк тур уюштурулат. Тур мезгилинде депутаттар менен жолугушуу уюштурулуп Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия уюштурулат. Андан сырткары кинотеатрлар, музейлер тааныштырылат, демөөрчү тарабынан тамак-ашы, жол акысын жатаканасы каржыланат.
Сынактын шарты боюнча жалпы тест 25 суроодон турат. Анын ичинен 15 суроо тест түрүндө төрт варианты менен берилген, калган 10 суроого жоопторду окуучулар өз алдынча жазуу керек. Жеңип чыккан окуучу март айында супер финалга катышууга укук алат.
«Бүгүнкү «Акыл ордо-2024» интеллектуалдуу таймашы, бул эң жакшы көрүнүш. Биз окутуп жаткан балдарыбыздын билим сапатын баалоо жана андан ары жакшы окуш үчүн мотивация. Окуучуларыбыз таймаштын соңунда кайсыл жерден туура жооп, кайсыл жерден ката кетиргендери жөнүндө ой бөлүшүп айтышты. «Акыл ордо — 2024″ билим таймашынын уюштуруучулары келип балдардын окуу сапатын, билимин баалап турганы аябай жакшы», — деп Кенжебай уулу Канатбек билдирди.
Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын география мугалими Чынара Ташбаева таймашта окуучулар негизги предметтерден билимдерин сынап, тесттен өтүшкөнүн айтты. Бул өз кезегинде бул окуучулар үчүн өз билимдерин сынап, билгенге жакшы шарт, деп эсептейт.
«Бүгүн мен биздин мектепте өткөн» Акыл ордо -2024″ интеллектуалдык таймашынын финалдык тандоо туруна катыштым. Таймашка 38 окуучу катыштык. Бул таймаштын суроолору кыргыз тили, математика, тарых, физика, англис тили сабактарынан берилди. Суроолору абдан жакшы түзүлүптүр, мага жакты. Логикалык суроолору өзгөчө сезим тартуулады. Жыйынтыгында упайларды эсептегенде 11 «А» класстын окуучусу Курманкожоева Арууке жеңди.Аруукеге супер финалда жеңиш каалайм»,- деген оюн Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 10″А» классынын окуучусу Калыс Райканов билдирди.
Арууке Курманкожоева «Акыл ордо» таймашынын тандоо туруна 9-10-классында дагы катышкан. Ал азыркы тандоо турунан утуп чыкканы ошол мезгилдерде тажрыйба топтоонун негизинде болгон деп эсептейт.
«Өзүмдүн классымдын гана эмес жалпы мектептин намысын коргоп супер финалга барамын. Мен ойлойм бул мага абдан чоң мүмкүнчүлүк болду, себеби, сынакка даярдануу менен алдыдагы жалпы республикалык тестирлөөгө да даяр болуп калышыма ишенемин. «Акыл ордо-2024″ таймашынын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгымды билдиремин. Буюрса супер финалдан жеңүүчү болуу үчүн бар билимимди жумшайм».
Умай Молдокулова, Раяна Доктурбаева, Мүрөк Ильязова