Сокулук районунун Шопоков шаарынын №1 гимназиясында окуучулар арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык билим таймашы Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен болуп өттү. Сокулук районунун Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын, Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын ,Шопоков шаарындагы №1 гимназиясынын, Муса Жангазиев атындагы №4 орто мектебинин, Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейинин, Сокулук №2 орто мектебинин финалист окуучулары билим тармагындагы эң ийгиликтүү долбоорго катышып, кызыктуу белектер менен сыйланышты.

«Акыл ордо» билим таймашынын финалисттери Абдыкамилова Луиза, Рахатбекова Мээрим, Ажыакбарова Амина, Хусанов Асадбек, Моңолбеков Бакай, Саматова Аэлита жана анын демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев.

Таймаштын 1-турунун башталышы

Шопоков шаарындагы №1 гимназиясынын окуучулары концерттик программа менен таймашты коштоосу


Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-а классынын окуучусу Абдыкамилова Луиза билим таймашка активдүү катышкандыгы үчүн кызыктыруучу белек менен сыйланууда.

Луизанын колдоп келген мектеп окуучулары

Луизанын мугалимдери мектеп жетекчиси Динара Султаналиева жана даярдаган Берметкан Исабекова

Моңолбеков Бакай Керимбүбү Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейинин окуучусу 1-орунду ээлеп, кубок, ноутбук, Акыл ордонун Ардак грамотасы менен сыйланууда
«Акыл ордо» интеллектуалдык билим таймашы- билим тармагындагы окуучулардын билимине салым кошкон эң ийгиликтүү долбоор.
Алия Исакова