Касымаалы Баялинов атындагы китепканада Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл областтарынын мугалимдери жана окуучуларынын катышуусунда «Жер планетасы: Анын укмуштуу дүйнөсү» аттуу жаңы китептин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына АКШнын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, Кыргыз Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөру, Басмаканалардын өкүлдөрү, өнөктөш коомдук уюмдар катышышты.
Китептин бет ачарынын уюштуруучулары жана чакырылган коноктор
Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 8-б классынын окуучусу Элида Исакова:
«Мен бүгүн география мугалимим Чынара Дүйшөналиевна менен жаңы китептин бет ачарына келгениме абдан кубанычтамын. Бишкек шаарындагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы мектептин окуучуларынын аткаруусундагы «Жер» жөнүндө спектакли абдан жакты. Окуучулар жер жүзүндө болуп жаткан көрүнүштөрдү чагылдырышты. Мага жерди сактоо, таза кармоо, ошондой эле телефон колдонуунун жакшы жана терс жагын да өздөрүнун аткаруусунда көрсөтүп бергендиги жакты. Мугалимдериме ушундай иш-чарага мени катыштырганына рахмат айтам»,-деди.
№69 Т. Сатылганов атындагы мектептин «Умтул» театр балдар ийриминин окуучуларынын аткаруусундагы «Жер» аталышындагы сахналаштырылган көрүнүш
Р .Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 7-в классынын окуучусу Айзат Нуриллаева:
«Мага «Жер планетасы» китебинин ачылышы абдан жакты. Китептин дизайны жакты. «Жер планетасы: Анын укмуштуу дүйнөсү» деген китеп торт болуп жасалып, аны келген коноктун баарына бөлүп бергендиги кызыктуу болду. Мен мындай иш-чарага биринчи жолу катыштым. Мектеп окуучулары менен викторина өтүлгөндүгү да жакты. Китепканада көп китептер бар экен»,-деп айтты.
Торт кесүү аземи
Чүй облусунун Сокулук районунун Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери кесиптеши менен жаңы китептин бет ачарындагы кызыктуу көз ирмемдер
Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Динара Султаналиева, мугалимдери, окуучулары АКШнын элчилигинин мүчөсү Нолен Джонсон менен:
«Китептин бет ачары «Жер» күнү менен Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өткөрүлдү. Бул иш-чарага биздин мектептен география мугалими Чынара Ташбаева, биология жана химия мугалими Назгүл Жакыпова, «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова тарабынан чакырылганбыз. Себеби биздин мектеп коомдук фонд менен тыгыз байланышта долбоорлорду ишке ашырууда. Балдарга жана өспүрүмдөргө арналган жаңы китеп, өз окурмандарына планетабыздагы жашоо кандайча түзүлгөндүгүн жана экологиялык көрүнүштөрдү байкоого көмөк көрсөткөндүгүн ачылышта баса белгиленип айтылды. Экосистемадагы оң жана терс таасирлер жөнүндө да жазылгандыгы белгиленди. Жакынкы арада китеп биздин мектепке да таратылып берилүүсү биз үчүн кубанычтуу жетишкендик болду»,- деп оюн билдирди.
Эстелик үчүн сүрөт
Мугалимдерге билим берүү тармагында экологиялык тарбия берүүдө жаңы китептин салымы чоң.
Берметкан Исабекова