«Жыл мугалими» сынагы Сокулук райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Сынактын максаты — коомдо мугалимдик кесиптин статусун, кадыр-баркын жогорулатуу, таланттуу, кесипкөй, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди, билим берүү уюмдарды колдоо жана дем берүү. Бул сынакка Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Кенжебай уулу Канатбек агай катышып, 1-орунду ээледи.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Турум Сатарбаевна, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын жетекчиси Динара Жолдошбековна жана жеңүүчү мугалими Кенжебай уулу Канатбек.

Канатбек агай сынакта Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын 9-г классынын окуучуларына кыргыз адабияты сабагын өтүп буткөндөн кийинки эстелик үчүн сүрөт

Сынактын катышуучулары «Тегерек стол» учурунда

«Жыл мугалими» медаль тапшыруу учуру

Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери

Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын жана Орок орто мектебинин мугалимдери

Билим берүүдө мугалимдер талыкпай изденүүнүн үстүндө иштейт.
Динара Султаналиева