Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Жыл мугалими-2023» сынагы болду. Сынакка жалпы 9 мектеп катышты.
Оро-Башы айылынын Качыбеков Абдулла мектебинин кол эмгек мугалими Сагида Бактыбек кызы:
«Бүгүнкү «Жыл мугалими-2023» сынагы жогорку деңгээлде өтүүдө. Ал эми мен сынакка жакшы даярдык менен келип, бардык суроолорго жооп бере алдым. Калыстар тобуна менин даярдап келген «Кыргыздын улуттук колориттери» темасындагы өткөн сабагым жакты деп ойлойм. Бул теманы тандап алуумдун себеби кыргызды кыргыз кылып таанытып турган нерселердин бири биздин оймо- чиймелерибиз болуп эсептелинет. Ошол себептүү биз көрсөтмө куралдарды оймо-чиймелерди чыгалдыруу менен жасадык. Өзүмдүн атам сүрөт сабагынын мугалими болгондуктан көрсөтмө куралдарды жасоого чоң көмөк көрсөттү жана даярдануу үчүн 1 ай убакыт кетти».
Биринчи орунду Качыбек Абдулла мектебинен келген кол эмгектен берген мугалими Сагида Бактыбек кызы ээледи. Ал эми экинчи орунду Убайдылда Малтабаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Фатима Мукамбетова камсыз кылды.
Акылай Болотбекова, Акылай Карыпбекова