Республика боюнча балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында Нарын районуна караштуу «Садык-Ата» балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулары 2-орунду ээлешти.
Сынактын биринчи туру онлайн форматта өткөрүлүп, тайпалар өзүлөрүнө бөлүнгөн темага жараша видео тартышкан. Ал эми экинчи туру офлайн форматта өткөрүлүп, жер-жерлерди калыстар тобу кыдырып көрүп, баалашкан.
Динара Исмаилова, Үмүт Чокоева жана Нурайым Акылбекова жетектеген «Ынтымак» тайпасы аталган сынакка активдүү катышып, «Манас» эпосунан «Манас Алоокени жеңип, кан көтөрүлгөнү» үзүндүсүн коюшкан. Балдар образдарга кирип аткарууда Алоокенин терс каарман экенин билген соң баш тарткандарын тууралуу Динара Исмаилова төмөнкүлөргө токтолду:
«Балдар образдарын бат өздөштүрүп кетишти. Алоокенин образын жараткан бала Алоокенин терс каарман экенин билгенден кийин, ал каармандын ролунан баш тартууга аракет кылды. Мен түшүнүк берип, көндүрдүм. Кийинчирээк Алоокенин ролу жакканын айтып кубанды. Манастын ролун аткарган бала өзүн күчтүү, акылдуу экенин сезип, балдар арасында кадыр барккын сезе билди. Алоокенин ролундагы бала менен мамилеси бекемделип чогу отуруп, дос болушту. Балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алганда жогорку деңгээлде образын ачып беришти десем жаңылбайм.»
Динара Исмаилова «Манас» эпосун балдарга жомок кылып айтып берип, ар бир каармандын ролун түшүндүрө алган. Тексттеги айрым сөздөр азыркы күнүмдүк турмушта колдонулбагандыктан балдарга алардын маанисин түшүндүрүүдө атайын сөздүктөрдү пайдалууга туура келгендигин айтат:
«Менин жан дүйнөм дал ушул 5- 6 жаштагы балдарга кам көрүү үчүн жаралгандай туюлат. Чынында мага өтө кызыктуу болду. Бизге бөлүнгөн теманы өзүм толук окуп чыгып балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша, баяндап, жомок катары түшүнүк бердим. Көпчүлүк балдар кызыгуу менен түшүнүштү. Андан соң даярдоого өттүм. Даярдоодо текстер абдан оор болду. Балдарга кээ бир сөздөрдү түшүндүрүү, образга киргизүү ар сөздү көркөмдүү айтууга көндүрүү, дикцияга салыш бир кыйла кыйынчылык туудурду. Бирок балдарымдын сезимталдыгы, дилгирликтери, аракеттери менен бул кыйынчылыктардан оной чыгып кеттик».
Сынакка даярданууда бала бакчанын жамааты да колдоо көрсөтүшкөн. Алар сахнанын жасалгасына, балдардын бирдиктүү формасына демөөрчүлүк кылып беришкен.
Бала бакчага «Манас таанууну» киргизүү менен балдар бакчаларын ресурстар менен да камсыз кылуу маанилүү. Балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша атайын «Манас» эпосу боюнча китептер басылып чыгышы керек экендигин Динара Исмаилова баса белгилейт.
«Балдарга арналган «Манас» эпосу боюнча китептер керек экен. Мен томдорду окуп чыгып, сценарий түзүп анан даярдана баштадык. Балага түшүнүктүү, кыска, так кылып түзүүдө кыйынчылыктар жаралды. Сценарийди 2 жумада жазып, балдарга тексттерди берип жаттата баштадым.»
«Садык-Ата» балдар бакчасынын «Ынтымак» тайпасынын сынакка карата даярдаган видеосун төмөндө көрө аласыздар.
Акылай Алмазбекова