2023-жылдын 22-мартында «Жыл мугалими-2023» кароо-сынагынын өрөөндүк туру болуп өттү. Бул сынакка катышкан «Соң-Көл» орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Медина Тилебалдиева катышып, 2-орунду ээлеп, райондук турга катышууга жолдомо алды.
Медина Тилебалдиева «Соң-Көл» орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп 10жылдан бери эмгектенет. Ал «Жыл мугалими-2023» кароо-сынагынын өрөөндүк туруна катышып, 84 упай менен 2-орунду камсыздады. Сынакка райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айрым мектеп директорлору калыстык кылышкан. Сынак Ормон-Хан айылындагы Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектепте өткөрүлгөн. Жалпысынан сынакка 8 мектептен тандалып келинген мугалимдер катышкан. Сынак 7 тапшырмадан туруп, 5 баллдык баалоо системасы менен бааланган.
Сынактын максаты: Ишине чыгармачылык менен мамиле кылган таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү. Ошону менен бирге, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү. Медина Тилебалдиева 25-апрелде боло турган сынактын райондук туруна жолдомо алган, учурда кызуу даярданып жаткан учуру.
Сынак учурундагы сүрөттөр:




