Сокулук районуна караштуу Лесное айылынан Атбашы мектеп лицейине сабакка келе жатышып, жол кырсыгына учурашкан мектеп окуучуларына автобус белекке берилди.
Ал эми бүгүн 24-апрелде 7-каналдын башкы директору Лесной айылынын жашоочусу Илязбек Балташев көмөктөшүп , жеке ишкер Токтобүбү Оргалча демөөрчүлук кылып «Шыдыр жол KG» команиясынын бир автобусун Атбашы айыл өкмөтүнүн балансына окуучуларды мектепке ташып туруу үчүн тапшырды.
Айтылган автобус Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы И. А. Ташкуловдун катышуусу менен мектеп окуучуларына белек катары берилди.
Демөөрчүгө мындай оор учурда көмөк көрсөтүп, жардамга келгендиги үчүн, аким И. А. Ташкулов акимдин орун басары Э.К. Орозбаков, Сокулук РБББ башчысы Турум Сатарбаева, Атбашы мектеп лицейинин директору жана айыл тургундары ыраазычылыгын билдиришүүдө.
Маалымат Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн өздүк баракчасынан алынды.
Турсун Омуралиева