Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында ата-энелер, окуучулар менен биргеликте «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору уюшулуп, ай сайын өткөрүлүүдө. Бул долбоорго башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен активдүү катышып жатышат.
Бул жолу сынак 12-апрель Космонавтика жана 23-апрель Бүткүл дүйнөлү күнүнө карата уюшулуп, ага мектептин 4-класстарынын окуучулары ата-энелери менен биргеликте катышышкан. Сынак «Керемет» китебинин негизинде өткөрүлгөн.

Казан-Куйган айлынын тургуну Нурбек Калиев адамдардын азыркы учурда китеп окуудан, мектептен алыстап баратканын айтат. Мындай сынактардын болуп турушу коомчулук менен мектептин байланышын бекемдейт дейт:

Нурбек Калиев уулу менен
«Биз ата-энелер мектеп менен тыгыз байланышта болбой калдык. Үйдөгү тарбия менен мектептеги тарбия эки башка. Биз мугалимдерге эле балдарыбызды түртө салып коебуз. Үйдөн китеп окубайбыз. Бул «Келгиле бирге окуйбуз!» долбоорун баламдын эжейи сунуштап катышып калдым. Мындан ары дагы катышып турам буюрса. Балдарыбыз менен бирге өзүбүз дагы китеп окуп турушубуз керек экен. Мындай сынактар коомчулук менен мектептин байланышын бекемдейт.»

Сыйлыктарды тапшыруу учуру

Сыйлыктарды тапшыруу учуру
«Келгиле бирге окуйбуз!» долбоору мектепте ата-энелердин демилгеси менен уюшулган. Ай сайын мындай сынактардын өткөрүлүп турушу балдардын китепке болгон кызыгууларын арттырат, билим алууга шыктанууларды жаратат. Ал эми ата-энелерди мектеп менен тыгыз байланышта болуусуна шарт түзөт.
Наиля Жанарбек кызы, Кубаныч Азат уулу