Кочкордо Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин китепканасында 8- класстарынын окуучуларынын катышуусунда китеп күнүнө карата уюштурулган конференция өттү. Иш-чараны мектеп китепканасынын жетекчиси Айнагүл Кудушева жана география сабагынын мугалими Нурия Карымбаева уюштурду.
Аталган иш-чара 23-апрель Эл аралык китеп жана автордук укук күнүнө арналып, окуучулардын китепке кызыгуусун өстүрүү үчүн өтүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты- мектеп окуучуларын адабий китептерди окуу жана сүйүү болду.
Окуучулар конференцияга Кочкор айылынын тургундары жана мектеп окуучулары китепке азыркы күндө кандай кызыгуусу бар экенин билиш үчүн сурамжылоо өткөрүштү. Андан сырткары сурамжылоонун негизинде жыйынтык чыгарып кызыктуу видеоролик тартуулашты.
Конференция учурунда көп талкуу болгон суроо бул азыркы учурда китепке кызыгууну кандай кылып жогорулатса болот? Эмне үчүн китептин ордун электрондук китеп ээлеп жатат?
Бул суроого мектептин китепканасынын жетекчиси Айнагүл Кудушева жооп берди:
«Учурда интернет жана технологиялар заманы болгонуна байланыштуу балдар арасында китеп окууга болгон кызыгуулары төмөндөп жатканы белгилүү. Бирок, китеп бул билимдин булагы, кандай кырдаал болбосун китеп дайыма биз менен болот. Китепти көп окуган баланын сөз байлыгы кенен болот, ден-соолугунар сакталат, бирдик салбайсынар, анткени бир сатып алган китепти силерден башка адамдар да окуй алат. Китептеги каармандардын жашоосуна кирип, турмушта колдонсо болот. Ошондуктан адабий чыгармаларды көп окууга силерди чакырам».
Андан соң сөздү кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Жылдыз Актанова китептин балдар үчүн абдан маанилүү экенине токтолду.
21- кылымда окутуу, билим берүү жана балдар үчүн китеп окуу эң биринчи маселе болуп саналат. Келечекте мыкты адис болуу бул талыкпас мээнет жана эмгек. Мектепте окуу мезгилинде дайыма билимди жогорулатуу силердин бирден бир максатынар болуш керек, ошондуктан көп китеп окусанар, көптү билесинер.
Конференциянын жыйынтыгында окуучулар китепкананын жетекчисине суроо берип, жооп алышты.
Канайым Мирланова