Ак-Талаа районунда жалпы билим берүүчү орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мыкты инновациялык-технологиялык идеяларды колдонуп, чыгармачылык менен иштеп жатышкан алдынкы мыкты, таланттуу мугалимдерди жана тарбиячыларды аныктоо, аларга колдоо көрсөтүү, иш тажрыйбаларын жайылтуу максатында “Мыкты мугалим” сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Мыкты мугалим сынагынын катышуучулары
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында быйыл сынакка катышкан агартуучулардын басымдуусу жаш мугалимдер болду.
“Бардык сынакка катышкан педагогдордун билими, методикасы, өнөрү, таланты, ар тараптуулугу бааланып, жогорку деңгээлдеги даярдык менен келгендиги белгиленди. Мындан сырткары, катышкан мугалимдердин жогорку деңгээлдеги методикалык, педагогикалык маданияты жана компьютердик сабаттуулугун белгилеп кетүү зарыл» деди ал.
Барчын Мамытбекова