Өз аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында ишембилик болуп өттү. Ишембиликте мектепти камтыган аймактар тазаланып, бак-дарактар, гүлдөр отургузулду.
Чынара Ташбаева — география мугалими:
«Бүгүн окуучулар менен бирдикте макулатурадан түшкөн акчага 11 роза гүлү, 20 сары гүл, 6 петуния гүлдөрүнүн көчөтү сатып келинип отургузулду жана балдар сугарып, жардам беришти. Мектептин тегерегин жашылдандырууга » Бир окуучудан — бир көчөт» акциясынын алкагында окуучулар сирень көчөттөрүн да өздөрү үйлөрүнөн алып келип отургузушту. Бул биздин балдар менен алып барып жаткан иштерибиз келечек муундар үчүн табиятты сактоо, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин алдын алуу жана жашыл бак-дарактардын өсүшүн көбөйтүү максатында”, — деди.
Табиятка таттуу мамиледе болуу менен айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү.
Айпери Кыдыртоктоева