Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин окуучулары күз майрамын белгилешти. Күз майрамында мектеп окуучулары өзүнө бөлүнгөн өлкөнүн каада салты жана улуттук тамагы менен тааныштырышты. Иш чара салтанаттуу тизим учурунда болуп, ярмарка уюштурулду. Тизимдин соңунда мыкты иштерди көрсөткөн класстарга байгелүү орундар берилди.
«Бул жылы күз майрамы жогорку деңгээлде өттү десем болот. Жеңишке жетүү чынында оңой болгон жок. Себеби, окуучуларым менен көп убакыт даярдандык. Албетте, жеңүүчү булуп өзүбүз дагы аябай кубанып турабыз. Кылган эмгегибиз текке кеткен жок. Биздин мектепте ушундай таланттуу окуучуларыбыз бар экени кубандырат. Демек, биз таланттуу жаштарды тарбиялап жатабыз деп ишенем», — деп билдирди жеңүүчү класстын класс жетекчиси Гулира Абдылдаева
Мындай иш чара Суусамыр айылындагы ар бир мектепте жыл сайын уюштурулуп турат. Бул жылы тизимде мектеп окуучулары ар өлкөнүн улуттук бий, ырлары менен дагы коштор. Келген көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Айтурган Кушкарбекова