Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев, ЖАК «Манас Менеджмент Компаниясынын башкы директору Улан Барыктабасов менен өз ара кызматташуу боюнча жолугушту. Кызматташуунун негизги максатында №43 кесиптик лицейдеги “Ашпозчу” адистигинде окуган окуучулардын келечегин түптөп, кесипке үйрөтүүгө көмөктөшүү үчүн практикалык иш менен камсыздоого макулдашуусу жана биргелешкен иш аракеттер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Кызматташуу багытындагы маселелерди талкулоодо Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев, окуучулардын социалдык абалын эске алуу менен жумушун так аткарган, жоопкерчиликтүү окуучуларды практикалык жумушка орноштурууга, иш-чараларда өткөрүлгөн фуршеттик тейлөө кызматтарына жардамдашуулары жөнүндө кенен токтолду.
«Биздин бул аракетибиз “Ашпозчу” кесиби боюнча адистик дипломун алган жаштардын өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу. Бул иш аракеттер менен биз өлкөдөгү жаштардын чет өлкөлөргө кетүүсүнүн социалдык чыңалуусун четтетүү жана жаш адистерди жумушка орношуу үчүн бир катар позитивдүү учурлар болмокчу. «Манас Менеджмент компаниясы» менен кызматташуу жаштардын кесипке болгон кызыгуусун арттырууга салым болот».
«Борттук тамактануу борбордун» жетекчиси Чолпон Алымкулованын айтымында, «Манас Менеджмент Компаниясы бул «Манас» Эл ралык аэропортунун туунду компаниясы. Авиа жүргүнчүлөргө жана экипажга борт азыктарын даярдоо жана бортто тамактандыруу боюнча кызматтарды көрсөткөн жалгыз лицензияланган компания болуп саналат. «Борттук тамактануу борборунда» VIP, биринчи, бизнес жана эконом класстагы жүргүнчүлөр үчүн күнүнө эл аралык деңгээлдеги учакта 5000 порцияга чейин тамак даярдай турган толук жабдылган комплекс бар. Учуудагы тамактануу борборунун өндүрүштүк цехтери учакта тамак даярдоо үчүн заманбап европалык жабдуулар менен жабдылган. Учуудагы коомдук тамактануу борбору тамак-аштын сапаты боюнча эл аралык стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын талаптарына так ылайык иштейт. Мындан тышкары, коомдук тамактануу жеке менчик учактар үчүн, экипаждар жана жеке жүргүнчүлөр үчүн алардын өзгөчө суроо-талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Борттук тамак-ашты жеткирип берүүдө төмөндөгү талаптар аткарылышы керек. Мисалы, борттук тамак-ашты жеткирип берүү процессине катышкан персонал тиешелүү теориялык окуудан, практикалык стажировканы өтүшү жана өз алдынча иштөөгө жолберме алышышат. Ошондой эле борттук тамак-аштын жана борттук камдардын авиациялык коопсуздукка контроль аркылуу өтүшүн камсыздайт. Цехтен чыгып бара жаткан борттук тамак-аш жана борттук камдар менен транспорттук каражаттардын баары пломбаланат. Кыскасы, борттук тамак-ашты жүктөө жол-жоболору иштелип чыккан жана эл аралык стандартка жооп берүү менен, жеке тамактануу, экономика, бизнес, биринчи класс үчүн тамак-аш даярдоо, диеталык, вегетариандык, диабетик, халал жана башка адистештирилген тамактануу, аба жүргүнчүлөрү үчүн кошумча аксессуарларды жана кызматтарды көрсөтүү, буфеттерди жана банкеттерди уюштуруу жана өткөрүү, кондитердик азыктарга жана тортторго заказ кабыл алуу, кургак муз өндүрүү жана сатуу сыяктуу кызматтарды аткарышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев менен ЖАК «Манас Менеджмент Компаниясынын башкы директору Улан Барыктабасов менен өз ара кызматташуу боюнча меморандум түзүшүп, маселелер каралды.
Турсун Омуралиева