Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жайгашкан “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы Батыш Тянь-Шан уникалдуу аймак деп ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Анын максаты жаратылыш байлыктарын сактап калуу аркылуу туруктуу климатты камсыз кылуу болуп саналат.
“Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркы 2016-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты 58миң гектарга жакын. Түндүктөн Талас облусу, чыгыштан Чолпон-Ата айыл аймагы, түштүктөн Аксы району жана батыштан Чаткал району менен чектешип турат.
Жаратылыш паркынын директорунун орун басары Уланбек Мамбетов аталган коруктун негизги максаты уникалдуу, кайталангыс биоартүрдүүлүктү сактап калуу экенин белгилейт:
“Бул коруктун өзгөчөлүгү жайгашкан жери эндемикалык флора, фаунага ээ болгону. Башкача айтканда илгертен байырлаган жаныбар, өсүмдүктөрдүн кездешкени. Мисалы, эндемикалык алмалар, ак илбирс, күрөң аюу, суусар жана башка кызыл китепке кирген жаныбарлар бар. Бул жерден өсүмдүктөрдүн 450 түрүн кезиктирүүгө болот».
“Бул жерден илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө болот. “Алатай” жаратылыш паркы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн уникалдуу сактагычы болуп эсептелинет. Алардын көбү жоголуп кетүү коркунучунда турат. Коруктун негизги максаттарынын бири дагы ушунда бул кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биологиялык түрлөрүн сактап калуу. Азыр антропогендик таасир күч болуп турат. Буларды азайтуу максатында коруктар курулуп атайын мыйзамдын негизинде иш алып барат. Мисалы: корукка жөн эле адам кирип бара албайт атайын уруксат менен же туристтик максатта келсе акча төлөп, белгилүү убакта кирип кайра чыгып кеткендей атайын көзөмөлдөө болот. Корукта өзүн алып жүрүү эрежелери бар”.
Уланбек Мамбетовдун айтымында жаратылыш паркы эко туризмди өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Коруктарда жана жаратылыш парктарында экотуризмди өнүктүрүү жаратылышка зыян келтирбестен, тескерисинче пайда алып келүүгө багытталган:
“Быйыл эко туризм боюнча министрлер кабинетинде токтом кабыл алынды. Анда өзгөчө корголчу аймактарга кантип баруу керектигинин тартиби бекиген. Кол тийбеген жаратылыштын укмуштуудай кооздугун көрсөтүп, туристтерди аны коргоого жана сактоого үндөй алабыз. Туризмдин бул тармагы туристтерге чыныгы жапайы жаратылышты өз көзү менен көрүүгө шарт түзүп, ошондой эле коруктардын жанында жашаган тургундарды жумуш менен камсыз кылып кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк берип, браконьерчиликти кыскартууну көздөйт”.
Климаттын өзгөрүшү антропегендик таасирде көбүрөөк жабыркайт. Демек, коруктар аркылуу жаратылыш байлыктарын сактап калууга мүмкүн. Булардын аркасында жаштарга деги эле элге жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтсө болот.
Айгерим Кубатбекова