Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында аким менен элдин жолугушу болуп өттү. Чогулушта жергиликтүү тургундар акимге суроолорду узатып, бир канча көйгөйлөрүн айтышты. Алардын негизги маселелери катары электр энергиянын жетишсиздиги, таза суу жана цемент заводдун көйгөйлөрү айтылды.
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сапарбек Бөйдөнов чогулушту уюштуруунун негизги максаты Т. Кулатов айылынын тургундарына 2023-жылы аткарылган жумуштардын отчету менен тааныштыруу болгонун айтат. Жыйында канча каражат кайсыл жактарга сарпталгандыгынын маалыматтары жана 2024-жылга аткарыла турган иш пландар тааныштырылды:
«Бүгүнкү чогулушка Ноокат районунун акими жана иш каналардын жетекчилери келип элдердин суроо талаптарын угуп кетишти. Азыркы учурда элдердин эң орчундуу маселелери электр энергиясын жетишсиздиги, ЮКЦ цемент заводу жана суу маселеси. Буйруса райондук деңгээлде Аким менен биргеликте маселелерди чечүүгө аракетти баштайбыз.»
Жыйынга айыл тургундары, мекеме жетекчилери жана ар кайсы тармактын адистери келип өз көйгөйлөрүн айтышты. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Майрам Шамшиева дагы учурдагы мектептин абалы оңдоп түзөөгө муктаж болуп турганын билдиргени келген:
«Бүгүнкү чогулуш жогорку деңгээлде болуп өттү. Чогулушка Ноокат районунун акими да келип катышты. Менин акимибизге алып келген суроом биздин мектебибиз 1986-жылы курулгандыктан терезелери эскирген, оңдоп түзөөдөн өткөн эмес, окуучуларыбыз кышында үшүгөндүктөн мектепти оңдоп түзөөдөн өткөрүп берүүсүн суранып келдик. Буйруса аткарылат деген ишеничтемин.»
Жумагүл Көчкөнбаева