6-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында майыптар күнүнө карата «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү.
«Майыптыгы бар балдарга айыл өкмөт тарабынан 180миң акча каражаты бөлүнүп, ар бир балага 500 сомдон таратып бердик. Бүгүнкү «Биз сени мененбиз» аттуу иш чарага 9миң акча каражаты бөлүнүп, балдарга белектер берилди», — деди Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Асел Акматалиевнанын айтымында Кулатов айыл өкмөтүндө 600дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Алар биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу балдар. Бүгүнкү кечеге ал балдардын баарын чакырылган, каалоочулар сахнага чыгып ырдап, бийлеп беришти. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга баалуу белектер жана айыл өкмөттүн ардак грамоталары тапшырылды. Бүгүнкү иш чарага жалпысынан 100 гө чукул майыптыгы бар балдар келип маанайын ачып кетишти.
Жумагүл Көчкөнбаева