Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.
Жайында сугатка суу жетишпей келсе, азыр көчөлөрдү суу каптап, жаш балдар көчөлөрдөн өтө албай, дарбазанын ичи сыртына чейин суу толуп, көйгөй жаралды.
Айрым көчөлөрдү суу каптап кеткен.
«Бизде да күнөө бар. Арыгы бар көчөлөрдө суу көчө менен эмес, арык менен эле кетип жатат. Биздин көчөнүн арыгы казыла элек. Анткени көчөнүн өйдө жагындагы арыкты таза сууда иштеп жаткан техникаларды токтотуп жатышып, жаап салышкан», — деп билдирди Чолпон айылынын тургуну Абас Алкадыров.
Дарбазадан кирип, чыккандан өзгөчө жаш балдар кыйналды
Суу үйлөрдү каптап, көйгөй жаратты
Перизат Бектурсунова, Гулира Сатарова