3-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында майыптар күнүнө карата «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү.

Концерт учурунда

Иш чаранын катышуучулары
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Асель Акматалиевна:

Асель Акматалиевна
«Бүгүн мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурдук. Иш чаранын негизги максаты аярлуу топтогу жарандардын бир аз болсо да маанайын көтөрүү максатында уюштурдук. Бүгүнкү майрамга айыл өкмөт тарабынан 195миң сом акча каражаты бөлүнүп, ар бир балага колдоо көрсөтүлүп жатат. Т. Кулатов айылында 500дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар. Алар биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу балдар. Бүгнкү кечеге да ал балдардын баарын чакырганбыз, каалоочулар сахнага чыгып бизге ырдап, бийлеп беришти. Биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга баалу белект жана айыл өкмөттүн ардак грамоталары менен сыйладык. Бүгүнкү иш чарага жалпысынан 60тын тегерегинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар келип маанайын ачып кетишти. Келгенге шарты жок мыйптыгы бар балдардын үйүнө айыл башчылар менен биргеликте барып акча каражаты менен камсыз кылып келебиз.»

Сыйлык тапшыруу учурунда

Концерт учурунда
Т. Бекиев атыедагы орто мектебинин ата-энеси Дилбар Сулайманова

Дилбар Сулайманова
«Бүгүнкү иш чара жогрку деңгээлде болуп өттү. Учрдан пайдаланып айыл өкмөт башчыбызга, Асельге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бир азда болсо балдарыбызды чакырып көңүлүн көтөрүп белектерин беришти. Балдарыбыз да аябай кубанууда.»
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева, Мухаммадамин Токтосунов