Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Айбашев атындагы орто мектебинде «Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшү күнүнө» карата семинар уюштурулду.
Семинар учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын медайымы Алтынай Кадырова бүгүнкү семинар 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн алкагында өтүп жатканын жана окуучулардын бул дарт боюнча маалымдуулуну жакшы деңгээлде экенин айтат:
Алтынай Кадырова
«1-декабрь СПИДке каршы күрөшү күнү болуп эсептелинет. Бул оору боюнча Т. Кулатов айылындагы бардык мектептерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошонун катарында Т. Айбашев атындагы орто мектебинде да иш чара болуп өттө. Иш чара аябай соонун өттү, окучулардын түшүнүктөрү өтө жакшы экендигин билип кеттик.
Ооруган адамда спид оорусунун белгилери ар түрдүү болушу мүмкүн жана ал инфекциянын деңгээлине жараша өзгөрөт. Спид ВИЧ вирусунун организмде активдешүүсүнүн натыйжасында пайда болот. ВИЧ инфекциясы биринчи этапта (алдын ала ВИЧ инфекциясы) төмөнкү белгилерди көрсөтүшү мүмкүн:
1. Жалпы тынчсыздануу жана температура – баш оору, жылуу тийүү, жөтөлүү жана бат чарчоо.
2. Лимфоузулардын чоңоюшу – лимфоузуларынын чоңоюшу.
3. Дененин оорушу – денедеги оорулар жана козгонуулар.
Эгерде инфекция өнүккөн болсо жана СПИДке чейин жетсе, анда адамда төмөнкү белгилер байкалат:
1. Иммундук системанын бузулушу – организм инфекцияларга каршы туруу жөндөмдүүлүгүн жоготот.
2. Тамак-ашты кабыл алуу көйгөйлөрү – таяктоо, түшөтүш жана тамак жеп алуу кыйынчылыктары.
3. Жалпы арыктоо – дененин салмагынын кескин азайышы.
4. Өпкөдөгү инфекциялар – өкпөдө пневмония сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.
Эгерде сизде ВИЧ инфекциясына шектенсеңиз, алгач медициналык текшерүүдөн өтүү сунушталат.
Окуучулардын даярдаган плакаттары
Семинар учурунда
Даярдаган:Жумагүл Көчкөнбаева