Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде жарманке өттү. Ал мектеп парламенти тарабынан уюштурулуп, окуучулардын колунан жасалган шириндик, таттуулар жана ширелер коюлду. Мектеп парламентинин жетекчиси Чынар Рысмендееванын айтымында мындай жарманке жыл сайын салт катары өткөрүлүп келет.
“Биринчиден балдар эмгекке тарбияланат. Анткени жарманкеге коюлган азыктарды окуучулар өздөрү жасашат. Экинчиден, өз эмгегин баалап, сатууга, акча каражатын пайдаланууга үйрөнөт. Окуучулар тыныгуу убагында өздөрү каалаган татууларды сатып алышат. Кааласа чай жана шире да бар” — деди ал.
Жарманкеден түшкөн акча мектеп парламенти тарабынан ар кандай иш-чараларды уюштурууга, муктаждыктарын жоюуга жумшалат.
Барчын Мамытбекова