Ак-Талаа районундагы Баетов айылында USAUD уюмунун колдоосу жана райондук админстрациянын уюштуруусу менен “Биргеликте дүйнөбүздү коопсуз жана мэримдүү кылабыз” — аттуу ураандын алдында айымдар арасында волейбол оюну өткөрүлүп, ага 7 команда катышты.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында аталган волейбол мелдеши Кыргызстанда өтүп жаткан Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында уюштурулганын айтып, ийгилик каалады.
“Өзүңүздөр билгендей коомдо, дүйнө жүзүндө аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктан жабыр тарткандар, өз өмүрү менен кош айтышкандар көбөйүүдө. Жыл сайын аталган кампания аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын-алуу, болтурбоо максатында жарыяланат. Бүгүнкү айымдар арасындагы мелдеш жакшы маанайда, ынтымакта өтсүн”
Ал эми USAUDдин өкүлү Табылды Байбагышов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Турат Сабыров, РИИБнүн башчысынын орун басары Бакыт Кылычбеков, райондук Аялдар кеңешинин мүчөсү Айнура Султанмуратова спортчу айымдарга ийгилик каалады.
Оюндун жыйынтыгында, Кара-Бүргөн айылынан келген “Жамал-Апа” балдар бакчасынын
командасы 1-орун;
Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынан келген
Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалимдери 2-орун;
Баетов айылынын командасы 3-орун;
Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын командасы 4-орун;
Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана USAUD уюму тарабынан баалуу белектер
тапшырылды.
Эскерте кетсек, аталган кампания 1991-жылы биринчи Аялдардын Глобалдык Лидерлик Институтунун активисттери тарабынан негизделген жана жыл сайын Аялдардын Глобалдык Лидерлиги Борбору тарабынан координацияланып келет. Бул дүйнө жүзү боюнча жеке адамдар жана уюмдар тарабынан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакыруу үчүн уюштуруу стратегиясы катары колдонулат. Ал 25-ноябрда старт алып, 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.
Барчын Мамытбекова