22-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баглан айылында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) ачылышы болду.
Ачылыштын баштылышы
ФАПтын курулуш иштерине 7 айдын тегерегиндеги убакыт кетти. Апрель айында курулуш иштери башталып, бүгүн ачылышы болуп турат. ФАПтын курулушуна «CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору аркылуу 6,5 млн сомдон ашык каражаты бөлүнүп, курулгандыгын Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Т. Кулато айыл өкмөтүнүн башчысы Аманилла Абдылдаев
«Биз 2016-жылдан бери контейнерде иштеп келгенбиз. Контейнерибиз кышында суук, жайында ысык болгонуна карабай элибиздин ден соолугу үчүн кызматыбызды көрсөтүп келдик. ал эми бүгүн жаңы салынган имаратыбызга кубанып жатабыз», — деп билдирди Баглан айылынын ФАПтын жетекчиси
ФАПтын жетекчиси
Жумагүл Көчкөнбаева