19-ноябрда Ара-Көл айылынын мектебинде илимий конференция болуп өттү. Анда келечекте Чолпон айылына кайрылган жер менен айыл мүрзөсүнүн ортосундагы 20 гектер жерге тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу боюнча талкуу болду.
Чолпон айылынын тургуну Талгарбек Балбаковдун айтуусу боюнча конференцияда Чолпон айылы менен мүрзөнүн ортосундагы 20 гектар жерге айтылуу тарыхый улуу инсан Сопо атанын тарыхый этнографиялык маданий комплекси куруу тууралуу болду.
«Бул жерге келечекте Сопо атанын өзүнүн күмбөзү курулат. Ал эми күмбөздүн бийиктиги 5 кабаттуу үйгө барабар болот. Ошондой эле университет, медресе мектеби менен, спорт аянтчасы, жатаканасы менен болгон мектеп да салынат жана 70 илимий кызматкерлерине арналган коттедж да курулат. 500 миллион долларлык смета менен бекилген чоң долбоор ачылып жатат. Мына ошого биринчиден иштин башаты, ал эми экинчиден Сопо атанын арбагына деп куран окуттук. Бул жакка илимий чөйрөдөгүлөр, археологдор жана Кыргызстан боюнча Азык уруусунун өкүлдөрү келишти. Конференцияга 150 го чукул адам катышты. Бул долбоор Бириккен Араб Эмираттарынын каржылоосу менен келечекте ишке ашат деген ниеттебиз», — деп билдирди Талгарбек Балбаков.
Кусейин Марат уулу, Акылай Карыпбекова